Абу Хурайра (разияллооху анху) дан риваят: Пайгамбар (саллоллооху алейхи ва саллам) айтат: Кимиңер короздун кыйкырыгын уксаңар, Алла Тааланын берешендигинен сурагыла. Анткени короз периштени көрүп кыйкырат. Эгер эшектин аңгыраганын уксаңар, Алла Тааладан шайтандын жамандыгынан сактануу тилегиле! Себеби ал шайтанды көрүп аңгырайт . (Бухари)