Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, борбордун кызматын Ош, Жалал-Абад жана Баткен шаарларындагы ишкерлер пайдаланууда.
Бүгүнкү күнү өкмөт бизнести өнүктүрүү үчүн зарыл шарттар түзүлүп, жаңы түзүлгөн ишканаларга 5 жылдан 10 жылга чейин салык төлөөдөн бошотуулар каралганын айтууда. Алар – мүлк салыгы, жер салыгы, пайда салыгы жана сатуудан түшкөн салыктар.
Мындан тышкары айыл чарбасында чийки затын кайра иштетип жаткан ата мекендик ишканалардын субъектилери (акциздик товарлардын тобунан тышкары) кошумча нарк салыгын 80% азайтуу менен төлөшөт.
Ошондой эле ата мекендик өндүрүмдү экспорттоого тийиштүү шарттарды түзүү максатында региондордо ветеринардык лабораториялар иштөөдө. Лабораториялык жабдууларды, диагностикумдарды жана биодарыларды сатып алуу үчүн өкмөт 150 млн сом бөлүп берген.
Кыргызстан 2015-жылы Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кошулгандан кийин өлкөдө азык-түлүктөрдү, жашылча, мөмө-жемиш жана кургатылган жемиштерди сактоочу жыйырмадан ашык соода-логистикалык борбор курулары айтылган. Өкмөт мунун баары 2023-жылга чейин салынышы керектигин, андан да аны мамлекет эмес жеке тарап курушу керектигин билдирет.
Кыргызстандагы ири соода-логистикалык борборлордун жана чакан кампалардын бардыгы менчик, жеке ишкерлерге караштуу. Алар негизинен өздөрүнүн каражатына же насыя алып салып жатышат. Бирок эксперттер муну жолго коюп өркүндөтүү үчүн ирилештирип, мамлекет өзү курушу керек эле дешет. (КЕ)
https://www.youtube.com/watch?v=Q3N4mE2dL0k Баткен коогалаңынын актай барактары (2-бөлүм) https://www.youtube.com/watch?v=Aec3mNAmfcc Баткен коогалаңынын актай барактары (3-бөлүм) https://www.youtube.com/watch?v=dy3WRH2vH2E Баткен коогалаңынын актай барактары (4-бөлүм) https://www.youtube.com/watch?v=mGw5MjwSm4k
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев