added October 25 at 09:38
Баткен коогалаңынын актай барактары (1-бөлүм) https://www.youtube.com/watch?v=Q3N4mE2dL0k Баткен коогалаңынын актай барактары (2-бөлүм) https://www.youtube.com/watch?v=Aec3mNAmfcc Баткен коогалаңынын актай барактары (3-бөлүм) https://www.youtube.com/watch?v=dy3WRH2vH2E Баткен коогалаңынын актай барактары (4-бөлүм) https://www.youtube.com/watch?v=mGw5MjwSm4k
added today at 12:05
2019-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен да Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү азайды. Көбүнчө импорт кедерине кетип жатат, ал эми экспорт алтындын күчү менен арбыгансыды.
added today at 11:48
Саймаитинин өлүмү боюнча өкмөт парламентке маалымат берип жатат
added today at 11:45
Ооганстандын борбору Кабул шаарында 13-ноябрда эртең менен көчөдө эл көп жүргөн маалда Ички ичтер министрлигинин имаратынын жанында машинеге коюлган бомба жарылды. ИИМдин басма сөз өкүлү Настар Рахими анда бери дегенде жети адам өлүп, дагы 13 киши жарадар болгонун кабарлады. Бул жардырууну ким уюштурганы белгисиз. Кабулда «Талибан» кыймылынын да, «Ислам мамлекети» террордук тобунун да жоочулары бар. Мындан бир күн мурун ооган президенти Ашраф Гани «Талибан» кыймылынын үч белдүү мүчөсүн, анын ичи
added today at 11:25
Кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө шектелип кармалгандар кыргызстандыктар болбошу да мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинин башчысы Улан Дыйканбаев “Азаттыкка” билдирди. - Түркиянын укук коргоо органдары оозеки түрдө ушинтип айтышкан. Кармалган адамдар өздөрүн Кыргызстандын жараныбыз деп тааныштырган. Бирок жанында паспорту, башка маалыматы жок болгон. Паспорт жок болгондон кийин маалымат каражаттарындагы “Кыргызстандын жараны” деген кабар
added today at 11:17
Саймаитинин өлүмүнө парламент кызыкты / 13.11.2019 / Жаңылыктар / Азаттык
added today at 10:46
Саймаитинин өлүмү боюнча өкмөт парламентке маалымат берет
added today at 10:45
Жапон курама командасынын баасы асман чапчыган оюнчулары, ойноо стили боюнча Интернеттеги ачык маалыматтарга көз жүгүрттүк. Анын ичинде ФИФАнын рейтингине сереп салып, Кыргызстандын курама командасынын «көк самурайлар» деген атаандашы тууралуу маалымат топтодук. 
added today at 10:15
«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону улантат.
added today at 10:05
Жарандык активисттер жана Баткен облусундагы Лейлек районунун Катыраң айылдык кеңешинин депутаты Сапарали Бөрүбаев, Кулунду айылдык кеңешинин депутаты Шаирбек Орозалиев бүгүн, 13-ноябрда Бишкекте маалымат жыйын өткөрүштү. Алар кыргыз-тажик чек арасын чечүүдө Кыргыз бийлиги чабалдык кылып жатканын белгилешти. Юрист Аскат Осмонов облуска өзгөчө макам берип, жергиликтүү бийликтин ыйгарым укуктарын кеңейтүүнү сунуштады. Ал бир эле Арка айылында 50дөй үй Тажикстандын жарандарына сатылып кеткенин, учу
added today at 09:55
Москвада эки адамды уурдоого, кийин аларды өлтүрүүгө байланыштуу айыпталып жаткан кыргызстандык жаран мындай оор кылмышка эч кандай тиешеси жок экенин айтууда. Орус полициясы кылмышка шектүү деген дагы бир кыргыз жаранына издөө жарыялаган.
Show more
46 946 participants in the group
«Султанабад» чек ара отрядына караштуу «Ишкобод» тозотуна кол салгандардын бешөөнүн тек-жайы аныкталды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун тажик кызматы Тажикстандын күч органдарына жакын булагына таянып жазды.   Анын маалыматы боюнча, алардын баары Согди облусунда төрөлгөн. Бирөө өлтүрүлүп, тертөө камакта отурат. Алардын ичинен үчөө аял киши. Тажик бийлиги жана башка булактар азырынча бул маалыматтарды ырастай элек. «Азаттыктын» тажик кызматы Тажикстандын күч органдары жүргүзгөн операцияда Малохат Хайдарова, Зулхумор Жумаева, Рахбар Бокиева жана Хусейн Исломов колго түшкөнүн, ал эми Шавкат Исломов атышууда каза болгонун билдирди. Алар 20-25 жашта экени жана кармалгандарга терроризм, адам өлтүрүү, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү боюнча иш козголгону айтылды. 6-ноябрга оогон түнү Тажикстандын Өзбекстан менен чектешкен аймагындагы чек ара бекетке куралдуу кол салуу болгон. Андан бир чек арачы жана милиция кызматкери каза таап, 15 жоочу жок кылынды.  Тажикстандын чек ара кызматы куралдуу топ Ооганстан тараптан өлкө аймагына 3-ноябрда мыйзамсыз өтүп келип, 6-ноябрга караган түнү чек ара бекетине кол салганын билдирди. Бул туурасында колго түшкөн жоочуларды суракка алган учурда белгилүү болгон. Чек ара бекети Дүйшөмбү шаарынан 60 чакырым алыстыкта, Өзбекстан менен чек арага жакын жерде жайгашкан.
Log in or sign up to add a comment