added today at 19:35
Президент Сооронбай Жээнбеков 20-октябрда иш сапары менен Жапонияга учуп кетти. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Жээнбеков Жапониянын императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышат. Жапон премьер-министри Синдзо Абэ менен эки тараптуу жолугушуу да пландалган. Өлкө башчы мындан тышкары Жапониянын ири корпорацияларынын жетекчилери жана ал жакта жашаган, окуп, иштеген кыргызстандыктар менен жолугушат.  Жапониянын өкмөт башчысы баштаган жоон топ делегация Кыргызстанга 2015-жылы кели
added today at 16:05
Казакстандын Караганда облусуна караштуу Жезказган калаасында режиссёр Жанат Хаджиев атындагы III эл аралык театрлар фестивалында Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры «Эң мыкты актёрлук ансамбль» деген сыйлыкка татыды. Бул тууралуу аталган драма театрдын актёру Курманбек Ниязбеков билдирди. Маалыматка караганда, сынак 15-октябрда башталып, 19-октябрда жыйынтыкталган. Фестивалда Өзбекстандын, Тажикстандын жана Казакстандын да бир нече профессионал театрлары ар кандай спектаклдерди
added today at 14:20
Бишкектин Калыс-Ордо конушунда жер басып алууга шек саналып кармалган адам эки айга камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган. Бул тууралуу мэрия Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына таянып кабарлады. Шектүү тергөө бүткөнчө Бишкектеги №1 абакта болот. Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы ишти Жазык кодексинин «Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу» деген беренесинин негизинде иликтей баштаган. Милициянын маалыматы боюнча, 15-ок
added today at 13:15
Автотранспорт каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү жол-жобосун жеңилдетүү боюнча чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Ага ылайык, юридикалык жактар үчүн машинелерге техникалык талон берүү жоюлду. Транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүктүн өзгөчө белгилерине "биргелешкен ээси" жазылып, ал транспорт каражатынын ээсинин каалоосу менен электрондук маалымат базасына катталат. Чет элдик жарандар үчүн автоунааны каттоо процедурасы жеңилдетилет. Ар бир транспорт к
added today at 12:55
АКШнын президенти Дональд Трамп «Чоң жетинин» саммитин Флорида штатындагы өзүнө караштуу гольф-курорттордун биринде өткөрүү оюнан кайтты. Ал бул тууралуу «Твиттердеги» баракчасына жазды. Трамптын администрациясы 2020-жылы болчу саммитти өткөрүүгө жаңы жер издей баштаганы кабарланды. Эми дүйнө лидерлери келерки жылы Кэмп-Дэвид резиденциясында жолугуп калышы мүмкүн. 17-октябрда Кошмо Штаттардын президентинин администрациясы Флорида штатындагы Дональд Трампка караштуу гольф-курорттордун бири «Чоң ж
added today at 12:05
19-октябрда Азербайжандын борбору Баку шаарында уруксат берилбеген митингдин алдында полиция оппозициянын ондогон өкүлдөрүн кармап кетти. «Азаттыктын» азери кызматы кабарлагандай, кармалгандардын арасында «Элдик фронт» партиясынын төрагасы Али Керимли да бар. Журналист Хадижа Исмаилованын айтымында, полиция тыюу салынган митинг болчу жерге каттачу үч метро станциясын жапкан. Буга чейин Баку мэриясы акцияны өткөрүүгө уруксат берген эмес.  Оппозиция өкүлдөрү «митинг өтчү жер» деп белгилеген аймакк
added today at 10:25
Германиянын канцлери Ангела Меркел менен Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын чыгышындагы жаңжал тууралуу телефондон сүйлөштү. Бул жөнүндө Германиянын маалымат агенттиги (DPA) кабарлады. Кабарларга караганда, эки өлкөнүн лидерлери алдыда болчу «Норманд төрттүгү» саммити тууралуу баарлашкан. Азырынча самит качан өтөөрү белгисиз. Меркел жана Путин андан тышкары Сирия менен Ливиядагы абал, Украина аркылуу газ өткөрүүнүн келечеги тууралуу сүйлөшүштү. Донбасстагы кырдаалды жөнгө салыш үчүн
added today at 09:15
Британ парламенти өлкөнүн Европа Биримдигинен чыгуусу боюнча бардык мыйзамдар кабыл алынмайынча, Брекзит келишимин канааттандыруунун мөөнөтүн жылдыруу тууралуу чечимге келди. 19-октябрда чечимге 322 депутат «макул», 306 депутат «каршы» добуш берди. «Би-би-си» мындай жыйынтыктан кийин Британ премьер-министри Борис Жонсон Брюсселге эки кат жолдогонун жазды. Анын биринде Борис Жонсон Брекзитти кийинкике жылдырууну сурап, бирок ал катка кол койгон эмес. Экинчи катында Брекзиттин мөөнөтүн жылдыруу ка
added today at 09:05
Чачтан миң эсе ичке нанолазер. Коралл полиптери картайган организмди жашартып алышат. Аялдар музыкалык стилди эркектерге караганда аз жаратат. Киши көпчүлүк менен чогуу отурганда жалгыз тамактангандагыдан көп тамак жейт.
added today at 08:15
Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Аталган жобо айыл чарба, жайыт жерлеринин мамлекеттик фондунун, мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө коруктагы аймактардын, ден соолукту чыңдоочу багыттагы жаратылыштык аймактардын жерлеринен башка мамлекеттик менчиктеги жерлерди жеке жана юридикалык жактарга, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык жер пайдалануучуларга колдонууга берүү тартибин аныктайт. Жободо электрондук аукцион тарти
Show more
46 597 participants in the group
Дүйнөдөгү бир катар мамлекеттер Түркиянын Сириянын түндүгүндөгү күрддөргө каршы чабуулуна тынчсызданууда. Бул маселени БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынында талкуулоо боюнча да сунуштар түштү. Анкара Сириянын түндүгүндөгү аскердик операциясын кечээ баштаган.
Log in or sign up to add a comment