added yesterday at 19:45
Элмурат Кочкор уулунун тагдыр, бешене түшүнүктөрү тууралуу ой толгоосу.
added yesterday at 19:23
Айсулуу: Элиме берген убадамды аткарам
added yesterday at 16:17
Жарыгы жок Жазы-Кечүү
added yesterday at 15:15
Ысык-Көлдө айылдык кеңештин депутаттыгына аттанган эркек талапкерлер аялдарга квота берүүгө каршы чыгышты.
added yesterday at 15:05
Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү, кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова жана анын машыктыруучусу Нурбек Изабеков бүгүн Бишкекке учуп келишти. Аларды «Манас» эл аралык аэропортунан президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, вице-премьер-министр Замирбек Аскаров, Жогорку Кеңештин депутаты Динара Исаева, жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчисинин орун басары Мирлан Парханов, экс-вице-мэр Айгүл Рыскулова жана Айсулу
added yesterday at 14:45
Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Бишкекке келди. Аны «Манас» эл аралык аэропортунан президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, вице-премьер-министр Замирбек Аскаров, жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчисинин орун басары Мирлан Парханов, экс-вице-мэр Айгүл Рыскулова жана Айсулуунун күйөрмандары тосуп алышты. Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таян
added yesterday at 13:35
Эл аралык укук коргоо уюму Египет бийликтерин жарандарын тынч акцияларга чыгуу укуктарын коргоо менен бир күн мурда баш калаа Каирде кармалган демонстранттарды бошотууга чакырды. Жума кечинде жүздөгөн адамдар президент Абдел-Фаттах ас-Сисиге каршы нааразылык акциясына чыгышкан. Өтө сейрек боло турган мындай демонстрациянын катышуучулары 2014-жылы аскердик төңкөрүш аркылуу бийликке келген президенттин кызматтан кетишин талап кылышты. Сиси өлкө башына келгени оппозициянын миңдей өкүлү кармалып, кө
added yesterday at 12:55
Кошмо Штаттардын президенти Сауд Арабиясына жана Бириккен Араб Эмираттарындагы америкалык аскерлерге кошумча күч жиберүүнү туура көрдү. Мындай чечим Саудиядагы мунай заводдоруна жасалган чабуулдан кийин кабыл алынды. 20-сентябрда Пентагон чөлкөмгө кайсы бөлүктүн аскерлерин жиберилери аныктала электигин билдирди. Коргоо министри Марк Эспер бул кадам саудиялыктардын суранычы менен алардын абадан коргонуу аракеттерин бекемдөө максатында кабыл алынганын айтты. Вашингтон Тегеран менен жаңжалга баруун
added yesterday at 12:25
Жакында Алтай аймагында өз ишин аяктаган эл аралык алтай таануу жыйынына Кыргызстандан жоон топ илимпоздор катышты.
added yesterday at 12:05
Дүйшөмбү күнү Нью-Йоркто климат боюнча саммит башталат. Жыйынды утурлай дүйнөнүн булуң-бурчунда өкмөттөрдү табияттын өзгөрүшүнө каршы чара көрүүгө үндөгөн акциялар өтүп жатат.
Show more
46 162 participants in the group
Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев өкмөттүн экономикалык өсүштөр болуп жатат деген билдирүүлөрүн сынга алып, бюджетте тескерисинче артка кетүү болуп жатканын белгиледи. Бул тууралуу ал 12-сентябрда, парламенттин түрдүү маселелерди караган жыйынында айтты. “Расмий маалыматтарда, ички дүң өнүмүбүз 6,2% өстү, экономикабыз өсүп жатат деп айтып жатабыз. Бирок ошол эле мезгилде бизде бюджеттин киреше бөлүгүндө 4,8 млрд. сом аткарылбай калып жатат. Экономикалык өсүш Кумтөр менен эле байланыштуу, себеби алтын өндүрүү 63% көбөйдү деп жатабыз. А салык канча түштү? Болгону 13% гана көбөйүп жатат. Анын ичинде сатык налогу 330 миллион сомго, же болбосо 11%га төмөн болууда. Мигранттардын которгон акчасы он пайызга төмөн болуп жатат былтыркыдан. ЕАЭБдин алкагында экспорт 20%га төмөндөдү, анын ичинде Орусияга экспортубуз эки эсеге азайды. Ушул маселелерге да катуурак көңүл буруш керек. Алдын албаса кийин кыйын болуп калат”, - деди ал. Мунун алдында Улуттук статистика комитети 2019-жылдын январь-августундагы көрсөткүч өткөн жылдын алгачкы сегиз айына салыштырмалуу 6,2 пайызга көбөйүп, 334,6 млрд. сомду түзгөнүн кабарлаган. Мындан башка да көрсөткүчтөр боюнча экономикалык өсүштөр болуп жатканы өкмөттүк жыйындарда көп айтылып келе жатат. (ErN)
12 Sept
4,8млрд Раимдин чонтогуно кеткен
  • 3
Log in or sign up to add a comment