Коммуникация боюнча төрага Фахреттин Алтун : «Куралын аскерибизге кезеген мыйзамсыз режимге жооп берүүгө чечим чыгарылды. Абадан жана кургактыктан бардык буталар атылды, атууну да улантабыз»,- деди.
28.02.2020 ~ 28.02.2020
Вице - президент Фуат Октай : «Тарыхка согуштук кылмышкер катары өтө турган террор мамлекетинин башчысы Башар Асад жана режиминин аскерлери (33 аскер шейит болгон) бул кол салуунун беделин оор төлөйт»,- деди. Фуат Октай Сириянын Идлиб аймагындагы кол салуу тууралуу берген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Тарыхка согуштук кылмешкер катары өтө турган террор мамлекетинин башчысы Асад жана режиминин армиясы бул кол салуунун беделин оор төлөйт. Өлкөбүздүн чек ара коопсуздугун түзүү үчүн Идлибге барган аскерлерибизге жасалган кол салууда шейит болгон мехметчиктерибиздин арты кайырлуу болсун, жаралууларыбыздын бат айыгып кетишин каалаймын»,- деди.
Коммуникация боюнча төрага Фахреттин Алтун болсо Сирия аянтындагы операциялардын түрк байрагына кол узаткандарды жок кылганга чейин улантыларын билдирди. Сирия тарабынан 33 аскердин шейит кылышынынан кийин маалымат жарыялаган Алтун бул кандын жерде калбай тургандыгын баса белгилеп : «Куралын аскерибизге кезеген мыйзамсыз режимге жооп берүүгө чечим чыгарылды. Абадан жана кургактыктан бардык буталар атылды, атууну да улантабыз»,- деди.
Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын катчысы Өмер Челик да бул тууралуу маалыматында : «Канкор режим жана ага күч бергендер бул кол салуунун беделин оор түрдө төлөйт»,- деди.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев