___ATAКЕМДИН МЭЭРИМИ___
Оор дебей тагдырдын жүгүн алып,
Жаштыгың артыңан күлүп калып,
Ак эмгектен мээримиңди көрсөтүп,
Атакем бой жеткиздиң бизди багып.
____
Жашоого карасам көзүм элең,
Карманаар ишенчим сөзүм элең,
Дос душман алдыда чалынганда,
Атакем жөлөнгүчүм өзүң элең.
____
Мээрими нурдайын атакемдин,
Билдим аны жарык күн экенин,
Алтынга байлыка эч алмашкыс,
Атаке билдим асыл жан экениң.
____
Мээримиң жүрөктө турат жибип,
Таазим этейин башымды ийип,
Ата сен бар үчүн дүйнө бүтүндөй,
Кадырың көрүп эң бир бийик.
_______
________КАЙРАТ АШУРОВ________
УМА721