Мына учурда «Сейф бизнес» тармактык (сет) бизнес Кыргызстанда аябай кулачын жайды. Учурда бул тармакка чырмалгандардын саны 40 миңден ашат экен. Элге жарыгы тийип жатса кут болсун дейли. Ага эч ким ичи тардык кылбайт. Тилекке каршы, бирок деген маселе бар. Дегенибиз, бул «Сейф бизнес» компаниясы атыккан тармактык бизнестин түпкү маңызына үңүлгөн адам, шылуун, алдамчылыктын жытын сезбей койбойт. Анткени кызылдай эле алдамчылыкка ыңгайлашкан «иттин өлүгү» мурдуңа бур этет. Сөзүбүз куру болбос үчүн бул компаниянын иштөө системасына абай салып көрөлү.
Эгер кимде-ким «Сейф бизнес» компаниясына мүчө болуп иштегиси келсе, 15 миң сом төлөп кириши керек. Маселе муну менен эле чечилип калбайт. Өзүң менен кошо дагы 5 кишини милдеттүү түрдө тартышың керек. Ошондо 6 киши 15 миңден 90 миң сом компанияга төлөөсү абзел. Анан ал 6 кишинин ар бири өз-өзүнчө жок дегенде алтыдан киши тартып келеши кажет. Бул көч ошентип аягы көрүнбөй уланып кете берет. Мына компания ээсине акча суудай агылып келе берет. Колу жооруп, мойну оорубайт. Акчасын салган адамга сооротуучу катары адал деген сертификаттын көйнөгүн кийгизген «Элес», «Айгүл», «Ысык-Көл» деген аталыштагы парфюмдарды беришет. Бүттү, анан сага айлык маяна төлөнүшү үчүн сен кара жаныңды карч уруп, дос, жоро-жолдош, тууган-урук, тааныш-билиштериңди алдап-соолоп, «Сейф бизнес» компаниясына 15 миң сомдон төлөтүп тартып келишиң керек. Канчалык көп алдап акча тартып келсең, сага ошончо пайдалуу. Компанияга төлөнгөн акчанын канча бир көлөмдөгү пайызы сага тиет. Анан сен компаниянын кызыкчылыгы үчүн болгон таанышыңды алдап, компаниянын капчыгын кампайтуу үчүн жаман-жакшы көрүнүп алдамчылык кылышың керек болот.
Өкүнүчтүүсү, бул жагдай моралдык жактан элибиздин аң-сезимин, бири-бирине болгон ишенимин дагы талкалап жатат. Ансыз да базар экономикасынын кыйсыпыр түшкөн кызыл кулактык доорунда бири-бирине күмөндүү карап калган элибиз, алдап акча алган тармактык бизнестин кесепетинен жакын тууган-урук, куда-сөөккө дагы кыйгач карап, илгертеден келе жаткан сый-урматтык мамилеге доо кетүүдө.
Албетте, эч кимди эч ким мажбурлап 15 миң төлөп, ушул компанияга кир дебейт. Демек, акчаларына ичи ачышып, алданып калгандар кимдир бирөөгө доо коюшу кыйын. Мүмкүн болгон күндө дагы укуктук жактан далилдөө мүмкүн эмес. Анткени сенин акчаңа бычып, курамында синтетика, гормон, химикат жана башка зыяндуу заттар жок деген косметикалык продуктуларды колуңа карматып, эчак иттен чыгарып койгон болушат. Анан эр болсоң далилдеп көр. Нечендеген адамдар акчаларынан айрылып сызга отуруп жаткан жагдайга укук коргоо органдары алакан жайгандан башка чара көрө алышпайт. Маселенин көйгөйү ушунда жатат.
Арийне бул «Сейф бизнес» компаниясынын ачылганына эки жыл болуптур. Жетекчиси Бакыт Аалиев деген 1992-жылы туулган жаш жигит экен. Учурда иши жүрүп, ити чөп жаткан кези. Болсун. Тапканы өзүнө буюрсун. Бирок эртең, «Сейф бизнеске» акчасын салып, байыйбыз деген үмүткө жетеленип алданып калгандар нааразы болуп, тескери баталарын берип каргашса кантээр экен?.. Элдин убалы жаман да. Үйүндө тынч уктай алабы?..
Эсенгелди Байматов
Булак: Фабула гезити
Комментарии 20