КМДБ РФнын өкүлчүлүгү
added September 25 2018 at 13:33
Ассаламу алайкум уа рохматуллахи уа барокатуху! Урматтуу мекендештер, диндеш бир туугандар (өзгөчө РФ аймагында эмгектенип жүргөн мекендештер) КЫРГЫЗСТАН МУСУЛМАНДАР ДИН БАШКАРМАЛЫГЫНЫН МОСКВА ШААРЫНДАГЫ ӨКҮЛЧҮЛҮГҮ тарабынан негизделген 🌱КМДБ КАЙРЫМДУУЛУК ФОНДУ Москва, (МО) шаарындагы мекендештерибизди "Бир жакадан- баш, бир жеңден-кол чыгаруу максатында ынтымак- биримдикке чакырып кайрымдуулук иштерин жүргүзүүдө. ФОНДДУН АЧЫЛЫШ МАКСАТЫ: 1- Москва шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген мекен
Москва шаарында өтүлүүчү Куран майрамына келип өз үлүшүңүздү алып кетиңиз.
ЖАГЫМДУУ ЖАРЫЯ! Ассаламу алайкум уа рохматуллахи уа барокатух. КМДБ РФ өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев устазыбыздын жакшы жаңылыктарын, сиздер менен бөлүшүп турабыз ин шаа Аллах. Москва шаарында мусулмандар үчүн болуп жаткан устаздардын ар бир жаңылыктарынан КМДБ РФ тайпасында кабардар боло аласыздар.(ЭСКЕРТҮҮ тайпада диний сабактар кошо жиберилет.) КМДБ РФ тайпасына кошулуп, пайда алыңыздар. Пайгамбарыбыз Мухаммад с.а.в хадисинде: "Менден бир АЯТ болсо да, жеткиргиле"-деген. Негизги максатыбыз
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен. Таң атканда окулуучу дубалар. 1) Таң атканда бул дуба окулат. Эгер ким таң аткандан кийин ойгонсо да, бул дубаны окуса болот: Окулушу: Аллоохумма бика асбахнаа, ва бика амсайнаа, ва бика нахйаа, ва бика намууту, ва илайкал масиир. (Тирмизи) _Мааниси: Оо, Аллах! Биз Сенин гана жардамың менен таң аттырдык. Сенин гана жардамың менен кеч киргиздик, Сенин гана жардамың менен жашайбыз, Сенин гана жардамың менен өлөбүз жана Сенин гана ал
БИСМИЛЛАХИР РОХМААНИР РОХИИМ. 181) Ибн Аббас (разияллооху анху)дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам): «Ислам деген-өзүңдү Аллага толук тапшырганың, Алладан башка сыйынууга татыктуу Зат жок, Мухаммад (саллаллооху алайхи ва саллам) Анын кулу жана элчиси деп күбөлүк бергениң, намазды тургузганың жана зекет бергениң»-деди. (Ахмаддын «Муснады»). 182) Абу Хурайра (разияллооху анху)дан риваят: «Бир чөлдүк араб Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам)га жакын келип: «Алланын элчиси!
БИСМИЛЛАХИР РОХМААНИР РОХИИМ. 181) Ибн Аббас (разияллооху анху)дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам): «Ислам деген-өзүңдү Аллага толук тапшырганың, Алладан башка сыйынууга татыктуу Зат жок, Мухаммад (саллаллооху алайхи ва саллам) Анын кулу жана элчиси деп күбөлүк бергениң, намазды тургузганың жана зекет бергениң»-деди. (Ахмаддын «Муснады»). 182) Абу Хурайра (разияллооху анху)дан риваят: «Бир чөлдүк араб Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам)га жакын келип: «Алланын элчиси!
*بسم الله الرحمن الرحيم* *Мусулмандын денеси менен болгон адептери:* *1.* Таза тамак менен азыктандыруу. *Далил:* Айтты Алла Таала: "Эй момундар, Биз насип кылган таза ырыскылардан жегиле". *Далил:* Жаабир (Алла андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз: (Ага Алланын салам- салаваты болсун) - " Мусулман адам жети күндө бир жуунуп, башын жана денесин жууп турууга тийиш "- деп айткан. *Далил:* Ибну Умар (Алла андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз: (Ага Алланы
Show more
57 544 participants in the group
=ЧЫНЫГЫ БАЙЛЫК= Бир ишкер адам өмүр бою иштеп, коп байлык топтойт. Өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн байлыгын көбөйтүүгө арнайт. " Байлык топтоп алып, анан карыганда ырахатка батып, эс алам" деп жүрүп, убакыттын кандай өткөнүн билбей калат. Бир күнү ага өлүм периштеси келет. "Өмүр бою иштеп жүрүп, минтип тапканымдын үзүрүн көрөрдө кете беремби?" - деп, аргасыз өлүм периштесине жалооруй карап, бир аз убакыт беруусун өтүнөт. Ал сунушка макул болбогонун көргөндөн кийин бардык байлыгынын учтон бирин берүүнү сунуштайт. Бирок өлүм периштеси ага да макул болбойт. Байлыгынын жарымын, андан кийин тапканынын баарын беруу сунушу да кабыл алынбайт. Ошондо ал акча топтойм деп жүрүп, үй-бүлөсүнө татыктуу да көңүл болбогонун, туугандары менен да жакшы катышпаганын эстейт да, жок дегенде, акыркы ирет жашоонун чыныгы даамын татып калууга, үй-бүлөсү менен, жакын туугандары менен жакшылап коштошуп алууга бир кун сурайт. Бирок өлүм периштеси анын өтүнүчүн кабылдабайт. Ошондо айласы кеткен ишкер акыркы каалоосу катары коштошуусун жазып калтырууга убакыт сурайт, анын бул өтүнүчү кабыл болот. Ошондо ишкер ак баракка мындай керээзин жазган экен: " Жашоодо убакытты туура пайдалангыла!!! Мен өмүр бою топтогон байлыгыма бир күндүк өмүрдү сатып ала албадым. Ошондуктан бул бир келген жашоодо татыктуу өмүр сүрүп, үй-бүлөгө, жакындарыңарга көңүл бөлүгүлө. Дүнүйөгө алданбагыла жана бул жашоодо өзүңөр үчүн чыныгы байлык эмне экенин аныктап алгыла. Мына ошондо, өлүм периштеси келгенде, жашап откон жашооңор үчүн арманда калбагандай болгула!!!". 📗"ТУРМУШ САБАКТАРЫ" китебинен. ♻Башкалар менен бөлүшкөндү унутпаңыз👍🏻 Бизге катталыңыз ⤵️ Одноклассник➡https://ok.ru/group/52447045550166 Фейсбук➡https://www.facebook.com/groups/103682343744032/ Инстаграм➡https://www.instagram.com/kmdb_kairymduuluk_fond/ Ютуб➡https://www.youtube.com/channel/UC05Th7bcX430m3VjkXVT_bw
Log in or sign up to add a comment