Предыдущая публикация
Достор ачат кең дүйнөнүн кооздугун.
Доссуз толбойт жан дүйнөнүн боштугу.
Саясаттан булганган дос кадырын,
Жууп кетти эки акындын достугу.
Кан достордун эгиз болот жандары.
Кыйын күндө доско жаны арналуу.
Эч бир затка бийиктике теңелбес.
Элмир, Зайыр чын достуктун каарманы.
Достук турсун ич тардыктан бузулбай.
Достук болсун, ыйык бакыт кушундай.
Ажалга да досун жалгыз кыйбаган.
Мына достук! Болсо болсун ушундай.
Шаку. Москва.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7
Сан миң ырды өзү менен алып кетти акындар
Салттуу кыргыз, даңктуу кыргыз экендигин
Саз жашаган өмүрүндө.. эсибизге салып кетти акындар
Сактап, барктап.. булгабастан достукту
Саясатка аралашпай..таза кетти акындар