#акыйда_сабагы
Фетвалар боюнча туруктуу Комитеттин мүчөсү, чоң аалым _Шейх Солих аль-Фаузан_ айтты:
🗯 Пайгамбар ﷺ *“Кимде ким төлгөчүгө же көзү ачыкка барып, ал айтканга ишенсе – ал киши Мухаммедке түшүрүлгөн нерсеге #каапыр'лык кылыптыр”* деген.
(Абу Дауд, сахих)
Муслим өзүнүн “Сахихинде” риваят кылат, Пайгамбар айтты: *“Кимде ким төлгөчүгө келсе – анын кырк күндүк намазы кабыл болбойт”*.
📛 Көзү ачыктарга баруу, алардан кайыпты же келечекти суроо - уруксат эмес. Аларга барып “Эмне болот? Качан үйлөнөт? Качан сапарга чыгат? Качан бул же тигил...” деп суроо – *Аллахка шерик кошуу (#ширк) болуп эсептелет*.
Себеби ал кайыпты билем дегендерге барып, өзүнүн келечеги жана иштери тууралуу сурап жатат. Мындай адам Аллахка тобокел кылбайт экен жана кайып илими бир гана Аллах Таалага таандык экендигине ишенбейт экен.
🌐 Булак: "Акыйда" сабагы
ИсламЖолу - Сахабалардын жолу
➖➖➖➖➖➖➖➖
⏺️Аалымдар сөзү
Тайпасына катталыңыздар
Инстаграм/Телеграм: @aalymdar


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев