Бул намаздын сообу абдан чоң. Ал адам баласына бул жашоодо жана тиги дүйнөдө да береке алып келет. Медицина тармагынынын изилдөөчүлөрү ал намаздын ден соолукка өтө чоң пайдасы бар экенин айтышат. Сөз тахажжуд намазы тууралуу болууда.
null
Нафил (кошумча) намаздардын катарында сообу абдан чоң болгон тахажжуд намазы да бар.
Бирок бул намаз пайгамбарыбыз Мухаммедге (Алланын ага салам-салаваттары болсун) парз кылынган.
Буга Куран аяттары далил. “Исра” сүрөсүнүн 79-аятында:
«(Эй, Мухаммад!) Түндүн бир оокумунда ойгонуп, өзүңө гана таандык болгон кошумча ибадат катары Куран менен намаз оку».
«(Эй Мухаммад) Чындыгында сени жана сени менен бирге кээ бир адамдардын түндүн үчтөн эки бөлүгүнүн азыр