“Кыздар арзан болуп кетти”, “Кыздар бузулду” дейсиңер го. Кыздарды кымбат кылыш бат эле.
1. Үйүңөрдөгү кыздарыңарды, эжеңерди, карындаштарыңарды сыйлагыла. Сөкпөгүлө, теппегиле. Колдогула. Сүйүү, сый эмне экенини үйдөн таанысын. Анан ошол бийик мамилени башка мырзалардан күтөт. Тебеленбейт.
2. Окуткула. Билим бергиле. Курстарга жөнөткүлө. Билимдүү кыз кадимкидей айырмаланып турат. Кийин турмушу бузулуп калса да өзүн өзү эч кимден корунбай, эч кимге уор болбой багып кеткидей болсун.
3. Сүйлөшкүлө. Кыялын, сырларын тыңшагыла. Сезимдери менен эсептешкиле.
4. Чоңдугуңарды кызга көрсөтпөй, аны башкалардан коругула. Ага тоо болуп бергиле. Башка эркек силерден жазганып, карындашыңарга, кызы