Билим издеген өсөөр, бүлүк издеген өчөөр.
Билим көптүк кылбайт, өнөр аздык кылбайт.
Билимден өткөн досуң жок, оорудан өткөн касың жок.
Билимди сатып албайт, аны казып алат.
Билимди элден изде, алтынды жерден изде.
Билимдин кени китепте.
Билимдин күчтүүсү — адамдык.
Билимдүү баарына түшүнөт, билимсиз өз ишине күтүлөт.
Билимдүү билимин берет, акылдуу акылын берет.
Билимдүү билсе да сурайт, билимсиз билбесе да сурабайт.
Билимдүү бөлмөк — оңой, адам болмок — кыйын,Билимдүү болсоң озорсуң, билимсиз болсоң осолсуң.
“Тируучулук сезилбесе,
Турмуш олду деп билем.
Тундо жаркып корунбосо,
Жылдыз олду деп билем.
Кыргыз тили суйлонбосо,
"Кыргыз" олду деп билем.”—
Женишбек Жумкадыр