KҮЗДҮН ЫРЫН ТАБА АЛБАЙ...
Келди мына, дагы бир күз
Каалгамды каккылап,
Кыйгуулаган турна тизмек
Күз белгисин жарчылап.
Күзгү бакта мен баратам,
Күздүн ырын таба албай,
Кайрыктары эски обондун
Сезим кылын тарткылап...
***
Сур булуттар сумсайышып,
Күз жамгыры тамчылайт,
Кусалык бар, жүрөктү эзген
Менде өчү барчылап...
Күзгү бакта мен турамын,
Күздүн ырын таба албай,
Көңүлдөгү эски обонум
Нөшөрлөнүп жаай албай...
***
Күзгү кечтин күүгүмүндө
Көзгө түшсө карааның,
Көңүл чиркин арылабы
Зардабынан санаанын?!
Күзгү бакта сен келатсаң,
Күздүн ырын таба албай,
Күдөр үзбөй мен турармын,
Kездешүүгө даай албай...
СЕЗИМДЕГИ ИЗДЕР
(К.Жуманазаров, К.Эралиева)
Турмушумда качандыр бир өткөндөр,
Кайдасыңар өмүрдөгү көктөмдөр.
Жарык кылып сезимимдин мейкинин
Достук, сүйүү шоолаларын төккөндөр.
Кайдасыңар, кызгалдактуу, кызгалдактуу көктөмдөр!
Мен да сенин сезимиңе из салып,
Калтырдымбы шооласындай жылдыздын...
Махабаттын бийик кармап байрагын,
Сагынычы боло алдымбы бир кыздын?!
Кайдасыңар, кызгалдактуу, кызгалдактуу көктөмдөр!