Жыландардын кызыктуу жана кызыктай ааламы. Жаратылыштын өзгөчө жаныбары: Жыландардын кулагы жок, бир чети алар эң мыкты көрүшөт. Жыландардын мурду жок, бирок жытты эң сонун сезишет. Жыландардын азуулары ааламдагы табигый биологиялык куралдардын системасына кирет. Таңкалыштуу ааламы: Ар бир жаныбар ар түрдүү өзгөчөлүккө ээ болушат. Алардын негизги айырмалары да ушунда жана жашоолору, ааламы адамдарга дайыма кызык жаратып, көп жылдар бою изилдөөлөрүн токтотпостон улам кызыктуу фактыларды көрсөтүп келишет. Өзгөчө кебетеси, коркунучтуу сүрү бар жаныбарлар аталган жыландардын эң укмуштуу жана таң калыштуу жашоолору кызыктырбай койбойт. Өзгөчө табити: Жылан өзүнө окшош же өзүнөн узундугу боюнча чоң башка жыланды жей алат. Жыландардын өздөрүнөн чоң жыландарды жеп коюшу көп жылдар бою сыр боюча калып, көпчүлүктү таң калтырып келген. Бирок Торонто университетинин кызматкери Кейт Джэксон менен анын кесиптештери аларды видеого тартып, окуяны изилдеп, баамдап көрүшкөн. Ханышалардын тукумуна кирген жылан курмандыгына кол салгандан кийин аны аккордеондой болуп ороп алып, сыгып, жутат. Тамактанып, тойгондон кийин ичинде эрибей калган жыландын калган бөлүгүн кайра жерге кусуп салат. Жыландар өздөрүнүн тукумдарын жешет: Окумуштуулар 2009-жылдын февраль айында жыландар жөнүндө кызыктуу, бир чети кызыктай фактыларды аныкташкан. Көрсө, кемиргич жыландар өлүп калган балдарын жеп салышат экен. Аларда “тукумдан кийинки каннибализм” деген түшүнүк бар. Изилдөөлөрдүн көрсөткүчтөрү боюнча жыландар өздөрүнүн 11% жумурткаларын жана өлүп калган балдарын жеп салышкан. Эмнеге? Мындай жол менен жыландар коротулган энергияларын калыптандырышат. Себеби алар азык табууда абдан кыйналышып, көп убактысын, көп энергиясын коротушат Жыландар уча алышат: Жыландардын сойлогондон башка, уча алган да түрлөрү бар. Мындай жыландар бир дарактан, экинчи даракка учкулары келишсе оңой эле жерге кулабай экинчи даракка секирип кетишет. Алар жерге кулап түшкөн учурда да зыянга учурашпайт. Курмандыктарын бүтүн жеп, кальцийин сорушат: Тажрыйбалуу жыландар бир айлап азыктанбай жашай беришет, бирок тамактанышканда эч нерсе калтырбай жеп салышат. Бул жыландар олжолорунун кальцийин соруп алганга көнүшкөн. Ушул себептен улам алар азыктандыруучу заттардын запасын көбүрөөк чогулутуп алышып, көпкө чейин тамактанбай жүрө беришет. Кобралар: Кобралар көзгө карап иш кылышат. Кобралардын булчуңдары темирди сыгып, ууну иштеп чыгат. Мунун жардамы менен кобранын уусу 2 метрге чейин чачырайт. Эгер ал адамдын көзүнө тийе турган болсо, уудагы нейротоксиндер көздү сокур кылып коюшу толук ыктымал. Кобранын уусу эреже боюнча, бир көзгө тийген учурда да эки көздү тең сокур кылып салышы мүмкүн. Белгилүү жыландар: Дүйнөдөгү эң кичинекей жылан тыйынга батат. Бүгүнкү күндөгү эң белгилүү кичинекей жылан 2008-жылы Барбадосто табылган. Ал 10 сантиметрден кичинекей жана абдан ичке. Тамактануусу: Жыландар айлап тамактанышпай, бирок ушул эле учурда өсө беришет. Бир нече ай тамак жебей, бирок ошол эле учурда өздөрүн жакшы сезип жүргөндөрдү элестете албасак керек. Маршалл Макку жана анын кесиптештери 6 ай бою лабораториясындагы 62 ар түрдүү жыландарды азыктандырбай кармашкан. Жыландар дароо зат алмашуусун 72 пайызга түшүрүп жиберишкен. Таң калыштуусу алар майларын ээритип жатышып, узарып кетишкен. Кызыктуу фактылар: • Кара мамба – эң шамдагай жылан. Алардын ылдамдыгы бир саатта 20 км. АКШда жылына 8000 адам жыландардын уусунан жабыркашат. • Уулу жыландардын ичинен уусу күчтүү жыландар булар – Австралиянын тайпан тукумундагы жыландары. • Жыландардын көпчүлүк түрү өздөрүн тынч алып жүрүшөт жана себепсиз адамдарга кол салышпайт. • Көпчүлүк учурда кобралар тиштегенде уусу чыкпай калат. • Анаконда жыландарынын курмандыктары керек болсо таш бакалар дагы боло алышат. • Кобралар адамдын белине же боюна чейин көтөрүлө алышат. • Үңкүрлөрдө жашаган жыландар жарганаттарга көп мергенчилик кылышат. • Эң көлөмдүү жыландардын жаагында 80 дей курч тиштери бар. • Мамбалар адамдарга көбүнчө мөмөлүү талаалардан, дарактуу жерлерден кол салышат. Анткени алар дарактардын арасында сойлогонду жактырышат. • Анаконда сдавливает жертву с силой более 360 кг на грудную клетку. Ууга каршы каражат: Жыландын уусунан ар кандай каражаттарды, биологиялык куралдарды, ал тургай тамактарды, арактарды, айтор, көп нерселерге колдонушат. Жыландардын уусуна каршы каражаттар да бар. Анын жардамы менен дүйнөдө азыр жыландын уусунан курман болгондордун саны азайып калган. Уламыш: Кытайдын кафе, ресторандарынан жылан салынган арактын идиштерин көрүп таң калчу болсок, кээ бирлери аны пайдалуу деп ичишээри белгилүү. Уламыштар боюнча бул арактын жаралышы абдан кызыктай эле болгон. Кайсы бир айылда арак саткан сатуучу бир күнү кардарлар көп болуп, даяр арактар түгөнүп калып, кожоюн Ли Бону складдан арак алып келүүсүн буйруйт. Ли Бо складга барса бир чоң жылан арак идишине жабышып алып арак ичип жаткан болот. Аны көргөн Ли Бо коркуп кайра кыйкырып эшикке качып чыгат. Анын кыйкырыгынан улам башка адамдар дагы анын жанына келип, жыланды көрүп коркуп, ичке кире албай качып кетишет. Бирок жылан бат эле мас болуп, арактын ичине кулап түшөт. Ли Бо аны байкап дароо идиштин капкагын жаап, үстүнө таш коюп салат. Арадан билинбей эки жыл өтүп, тиги идиштен бир да жолу үн чыкпайт. Ли Бо жыланды эбак эле өлүп калса керек деп ойлоп, коркпостон капкакты ачып текшерип көрөт. Жылан албетте чындап эле өлүп калган болот жана арактын өңү өзгөрүп калат. Муну билген кожоюн аракты төгүп салуусун буйруйт. Бул айылда дагы башка бейбаш адам жашачу. Ал дайыма Ли Бого арак ичкени келчү, бирок акчасы жок болчу. Ли Бо андан коркконунан ага арак берчү. Бир күнү ал адатынча арак ичкени келгенде Ли Бо баягы жылан салынган аракты эстеп, андан кутулуш үчүн тобокелге салып ага берип салат. Кызыгы, ал арак жагымдуу жыттанып, даамы өзгөрүп калганын айтат. Ошондон кийин жылан салынган арак белгилүү болуп кетиптир.
    0 комментариев
    4 класса
    Дүйнөнүн эң бай өлкөлөрү
    4 комментария
    30 классов
    Коррупция деген эмне? Коррупция – бул мамлекеттик органда иштеген адамдардын өз кызматтык ордунан же абалынан пайдаланып, мыйзамсыз акча талап кылуусу же кызматтык ордун өз кызыкчылыктарына пайдалануусу. Коррупция бүгүнкү күндө жашообуздун алга жылышына чоң тоскоол бойдон калууда. Коррупциялык иштер ачык айкын эле жүргүзүлүүдө. Коррупцияга бөгөт коюуу жана жоюу максатында көптөгөн иштер Кыргыз Республикасында жүргүзүлгөн жана жүргүзүлүүдө. Бирок, буга карабастан, эч майнап чыккан жок. Эмнеге? Бул суроонун артында да бир чоң сыр, саясат бардыр… Коррупциянын биздин жашоого, биздин мамлекетке, мамлекетибиздин өнүгүүсүнө тийгизген залакасы эбегейсиз чон… Кай жерге барбайлы (мамлекетке тиешелуу жайларга) КОРРУПЦИЯ!!! Азыркы кезде мамлекеттик таза иштеген органдарды табуу кыйын. Бир ишинди бүтүройүн деп канча жерге барасын, көбүнөн коррупциялык иштерди байкоого болот. Башкача айтканда, коррупция күнүмдүк жашообуздун бир бөлүгү болуп калды көрүнөт... Кызматтык ордун кыянаттык менен пайдаланган адамдар ачык эле канча акча бериши керектигин айтышат. Бул биздин коомдо болуп жаткан, ар бирибиз угуп аткан, көрүп аткан көрүнүш. Бул – ачуу чындык… Мындай көрүнүш эмнени айтып турат? Бул, Биздин өзүбүз жашап аткан мамлекетибизди сыйлабагандыгыбызды, мамлекетибиздин мыйзамдарын сыйлабагандыгыбызды айтып турат... Бул паракорчулуктун залакасы, тийгизген зыяндары аябай көп… Биринчиден, Мамлекетибиздин өсүп-өнүгүүсүнө. Эмнеге? Себеби, жогорку кызмат орундарын акчасы барлар сатып алса. Ал эми билимдүүлөр чет жерде, чет элде жүрүшөт. Кызмат ордун сатып алган Адам акчасын кайтаруу максатында ал да коррупциялык иштерди кылып, акча талап кыла баштайт, кызматтык ордун кыянаттык менен пайдаланып ыплас, мыйзамга каршы иштерди кылат. Мамлекетибиздин өнүкпөй атышынын бирден-бир себептери ушунда болсо керек. Билимдүү жаштар чет жерде, башка мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоп, кызматын аткарып жүрөт. Алар деле өз элине, өз жерине ак ниетинен кызмат кылайын деп кыялданат болуш керек. Бирок, баары кайра эле коррупциялык системага келип такалат. Коррупция укук коргоо органдарында, сот системасында, бийлик башындагыларда (депутат, министр ж.б.) болуп аткандан кийин башка мамлекеттик органдарда жок деп айтуу кыйын. Себеби, ушул эле укук коргоо органдары ошондой адамдар менен күрөшүшү керек эле. Ал эми сот системасындагылар (соттор) акыйкат чечим чыгарып, ошондой адамдарды эркинен ажыратышы керек эле го… Бирок, тилеке каршы бары тескеринче болуп атпайбы. Акча сүйлөп турган жерде, акыйкаттык ыйлап турган мезгил болууда. Үмүттүн шооласы үзүлбөйт дегендей, Биздин келечектен үмүтүбүз чоң… Азыркы кезде мамлекетибизде көптөгөн реформалар жүргүзүлүүдө (башталып жатат). Ал реформалар кудай каалап ишке ашып кетсе, коррупцияга бөгөт коюунун жолдору табылып, коррупциядан акырындык менен арылабыз деп ойлойм. Ошол эле сот системасындагы реформа. Эгерде сот системасындагы реформа ишке ашса, анда бизге чоң жеңиш болуп саналат. Анткени, мыйзамдуулук орносо, акыйкаттуулук да, теңчилик да орнойт. Билим берүү системасындагы реформа толук ишке ашса бул дагы эбегейсиз чон жениш болуп саналат. Анткени, окуу жайды акча менен бүткөн кадрлар эмес, таза, жогорку билимдүү кадрлар бүтсө, мамлекетибиз албетте алга жылат. Биз Жаштар үлгү алып чоңойгон Коррупциялык жашоодон арылып, демократиялык мамлекетти, акыйкаттык өкүм сүргөн мамлекетти курууга келечекте күрөшүүбүз керек. Анткени, биздин келечек мамлекеттин колунда эмес, мамлекеттин келечеги биздин колубузда! *** Мекенибиз өнүкпөстөн токтоп турат, Билимдүү жаштарыбыз сыртка чыгат. Кызмат ордун байлыкка алган мансапкорлор, Эл дүрбүсө чет өлкөгө качып чыгат. Эл ишенген, аты бар баштагылар, Качан ойлоп жакшы ишти баштайсынар. Күч бирдикте, өнүгөлү дебестен, Кызмат ордун талашып атасынар. Жаштар жүрөт эл жеринде эмес, бөтөн жерде, Үй бүлөөсүн багыш үчүн иштешет бөтөн элде. Ар бирин сурасан дипломдуу, Жарайт бекен керегине диплому. Акча сүйлөп турган жерде, акыйкаттык ыйлап турат, Коррупция өлкөбүздү, элибизди кыйнап турат. Коррупцияга каршы бирге туралык, Коррупциянын түп тамырын бирге жулалык.
    26 комментариев
    65 классов
    Апсамат Масалиевдин өмүр баяны!
    9 комментариев
    10 классов
    Таңкалычтуу жаныбарлар
    3 комментария
    6 классов
    «Атаганат, убактым бир аз көбүрөөк болгондо…» ушинтип өкүнгөн учурларыңар көп болобу? Сааттын жебеси бардык жерде бирдей айланат. Күчтүүлөрдүн, мансаптуулардын убактысы карапайым, жакыр адамдардыкынан көбүрөөк болбойт. Ошондой эле байы да, кедейи да убакытты топтоп коё албайт. Убакыт — зымырап учкан куш, аны артка кайрый албайсың. Андыктан убакытты туура пайдалануу акылдуулукка жатат. Келгиле эмесе, убакытты өкүнүп калбагыдай кылып жумшаганга жардам берген айрым эрежелерге кулак төшөйлү. 1. Майда- барат, керексиз, пайдасыз иштерге көп убакыт жумшайсыз Сыналгы, видео оюндар, интернет, көп тамактануу, пайдасы жок иштерге көбүрөөк убакыт кетиресиз. Жашооңузга сергек акыл- эс менен карап көрүңүз. Кайда, качан жана ким менен кандай убакыт өткөрүп жатасыз?!.. Булар сизге канчалык деңгээлде пайдасын тийгизип жатат?!… Сизди жакшы жашоого жетелеп жатабы?!…. Ойлонуп көрүп, туура жыйынтык чыгарыңыз. 2. Даттануу менен гана алексиз Жасаган жумушуңузга, жетекчиңизге, айлыгыңызга, кошунаңызга жана түгөйүңүзгө нааразысызбы? Эгер мындай болсо, демек, сиз жашооңуздан эч нерсени өзгөртө албайсыз. Болгону айлана- чөйрөңүзгө терс энергия жыйнайсыз. Андыктан, сизге эмне жага тургандыгын жана бактылуу көз ирмемдер тууралуу көп ойлонуп, ошол нерселер тууралуу гана сүйлөшүңүз. Жыйынтыгы сиз күткөндөй жакшы натыйжа менен көрсөтүлөт. 3. Акыл –эсти иштетүүгө аракеттенбейсиз Бир калыпка салынган жашооңуздун чырмалган торунан чыга албай жүрөсүз. Жаңы идеяларды ойлоп табуу, жаңыча көз караш менен жашоону сүйүп кароо деген сизде жок…. Андыктан бир орунда турбай издениңиз, бир орунда турбаңыз. Пайдалуу маалыматтар менен акылыңызды азыктандырыңыз. 4. Терс энергияны өзүңүз чыгарасыз Өзүңүз менен өзүңүз сүйлөшкөндө ар дайым эле көйгөйлөр тууралуу сүйлөшө берүү туура эмес. Анткени, алардын көпчүлүгү жашооңузда ийгиликсиз маселелерди пайда кылат. Андыктан өзүңүз менен өзүңүз дагы жагымдуу маанайда сүйлөшүүгө аракет жасаңыз. Ойлоруңузду чар- жайыт кармабай ар дайым тизгинди катуу кармаңыз. 5. Эргүү алганды билбейсиз Сизде кайсы бир нерсеге болуп көрбөгөндөй кызыгуу барбы? Ар бир акыл- эси бар адамда кызыккан, ошону менен алектенгиси келген жумушу болот. Эгер мындай нерсе жок болсо, анда аны өзүңүздөн издеп табыңыз. Аны менен алектеүүдөн эргүү алыңыз. 6. Келечегиңиз туман…. Келечекке максат койбогон адам, океанда багыты жок бара жаткан кемедей. Күнүмдүк жашоо кызыкчылыгына маашырланып жүрө бересиз. Мунун жыйынтыгы албетте белгисиздикке такалат. Андыктан келечекке максат коё билиңиз жана ага жетүү үчүн талбай аракет жасаңыз. 7. Пайдасыз досторуңуз көп… Эптеп эле убакыттын өтүшүн көздөп, туш келди адамдар менен убакыт өткөрүү, пайдасыз жолугушуулар, пайдасынан зыяны көп достор сизге эч качан ийгилик алып келбейт. Мындай адамдар энергиялык кан соргучтар катары бааланат. Сиз эч качан жакшы жакка өзгөрбөйсүз, болгону алардын катарын гана толуктаган болосуз. Андыктан өзүңүзгө пикирлеш адамдар менен мамиле түзүүгө алар менен пайдалуу жолугушууларды өткөрүүгө аракет жасаңыз. 8. Телефонуңузга көз карандысыз Бир саамга ойлонуп көрүңүзчү, бир күндө канча саат телефонуңузга убакыт кетиресиз?!… Балким, ага кетирген убакыттын ордуна үй бүлөңүз менен сейилдеп, же туугандарыңызга зыяратка барганыңыз оңдур…. Ойлонуп, туура чечим чыгарыңыз….. 9. Керексиз буюмдарга көп каражат коротосуз Кайсы бир буюмду сатып алууда чындыгында керектүү жана жөн эле алууну каалайм деген эки нерсе бар. Кээ бир адамдар дос, кесиптеш, тааныштарына атаандашып кайсы бир буюмду сатып алуу үчүн карызга белчесинен батат же пайызга акча алат. Анын натыйжасында карыздан кутулуу үчүн көптөгөн кыйынчылыктарды басып өтөт. Нерв чыңалат, ден- соолуктун абалы солгундайт… Ушунун сизге кереги барбы?! Андыктан колдо бар нерсенин баркын билип, бар нерсеге топук кылганды үйрөнүңүз. 10. Уйкуңуз канбайт Ден- соолуктун чың болуп, ишке болгон жөндөмдүүлүктүн деңгээли бийик болуп, ийгиликке жетүү үчүн туура жана сапаттуу уктоо керек. Уйкусуздук жогорудагы айтылган нерселердин бардыгынан жабыр тарттырат. Андыктан талапка ылайык жакшы уктоого көнүңүз. 11. Денеңизге кам көрбөйсүз Сергек жашоо образын алып жүрүү эң маанилүү маселе экенин дагы бир ирет эсиңизге салабыз. Андыктан, спорт менен алектенип, туура жана пайдалуу азыктар менен азыктанып денеңизди толук кандуу психологиялык туруктуу абал менен камсыз кылыңыз. Ал сизди бардык терс энергиялардан сактайт. 12. Коркоксуз Калыпка салынган күнүмдүк жашоону өзгөртүп тобокелчиликке баруудан коркосуз. Андыктан жашооңуз кызыксыз сезилет. Ойлонуп, жети өлчөп бир кесип, кээ бир тобокелчиликке бара турган пайдалуу иштерди жасаңыз. Коркуу сезиминен арылып, жашооңуз жакшыра баштайт. 13. Өзүңүзгө жакпаган жашоо менен жашайсыз Азыркы жашап жаткан жашооңузга ыраазысызбы?! Өзүңүздү толук кандуу бактылуу сезесизби?! Эгер жок деп жооп берсеңиз анда, жашоңузга сарасеп салып, жаңы жашоо баштаганга аракет жасаңыз. Ар бир жасаган ишиңиз сизге бактылуу сезимдерди гана тартуулап турушу керек.
    1 комментарий
    6 классов
    Акыра менен кодолек
    7 комментариев
    2 класса
    *****Чарчаган мээни кантип эс алдырабыз?
    2 комментария
    31 класс
    Орто Азия Орто Азия Азиянын бир бөлөгү, батыштагы Каспий деңизинен кийин, чыгыштагы Кытай ортосуна чейин, жана түштүк Орусиядан кийин, түндүк Пакистанга чейин. Кээде Борбордук азия же Ичиндеги Азия деп аталат, жана Евразия континенттин ичинде жайгашат. Терминдин көп белгилери бар, бирок бир маанисине баары кошулбайт. Четтерин белгилөөнүн кыйынчылыктары менен, кээ бир негизги мүнөздөмөлөрү бар. Мисалы, тарыхы көчмөн элдерине жана Жибек жолуна жакында байланышкан. Натыйжасында, Европа, Батыш Азия, Түштүк Азия, жана Чыгыш Азия арасында соода, адам кыймылдары, жана ойлор кыймылдары көп болчу.
    3 комментария
    9 классов
    КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ТАШ ДООРУ Таш доорунун Ташдоору - адам коомунун пайда болушу. тарыхый-маданий мезгил. Бул учурда эмгек Таш куралдары жана согуш куралдары негизинен таштан жасалып, жыгач менен сввк да колдонула баштаган. Анын акыркы баскычында карапа идиштерди жасоо өнүккөн. Таш доору - адамзат тарыхындагы узакка созулган доор ал адамдын айбандан болунуп чыгышынан башталып (мындан жылдай мурда), металл пайда болгонго (мындан 8 мин жылдаи мурда) чейин созулган. Бул доор маданияттын онугуш озгочолукторуно ылайык байыркы таш доору (палеолит), жацы ташдоору (неолит) жана бул эквенун ортосундагы вткввл доор - ортоцку таш доору - мезолит деп белунет. Булар да ез алдынча мезгилдерге ажырайт. Таш доору алгачкы жамааттык тузулуш доорунун кеп мезгилин камтыйт. Учурунда СССРдин аймагында таш дооруна таандык 900ден ашык эстелик изилденген. Алар Борбордук Азияда, Казакстан- да, Арменияда, Абхазияда, Туштук Осетияда, Украинада, Молда- вияда ж. б. жерлерде кездешет. Кыргызстандын аймагындагы ин-Арча жана Кожо-Бакырган-Сай палеолит «Устаканасы» таш доорунун эн байыркы эстеликтерине кирет. Неолит доорунун эсте- ликтери Крымдын ункурлерунде, Ока, Жогорку Волга, Днепр Ьалтика боюндагы жерлерде таралган. Неолиттин аягында СССР¬дин туштугунде, кийин тундугунде жез куралдары пайда болуп, энеолит доору башталган. Болжол менен миллион жыл мурун Туштук Казакстанда, Борбордук Азияда, анын ичинде азыркы Кыргызстандын аймагында адамдардын уйлеру пайда болгон. Кыргызстандагы эн байыркы адамдардын турмушун ошол кезде жасалып, массалык турде паидаланылган таш куралдары аркылуу билебиз. Байыркы таш доору палеолиттин биринчи баскычы болгон эрте палеолит учурунда Кыргызстандагы адамдар кадимки эле таштарды бири-бирине ургулап эн женекей кескичтерди, кыргыч- тарды, учтуу кезегучтерду, бычактарды ж. б. жасашкан. Кийинчерээк таштардын турун пайдалануунун натыйжасында андан жасалган куралдар акырындык менен еркундетулген. Кыргызстандын аймагынан табылган эн женекей таш куралдары б. з. ч. 800-10 мин жылдыктарга таандык. Алар Борбордук Тенир-Тоодо Он-Арча суусунун жээгинен, Ысык-Келде Балыкчы шаарына жакын жерден, Кыргызстан менен Тажик- стандын чек арасындагы Кожо-Бакырган-Сайдан табылган. Эрте палеолит доорунда Кыргызстандагы адамдар отту пайдаланууну уйренушкен. Табигаттын татаал шарттарында ку- ралдардын женекейлугунен улам адамдар жырткыч жаныбар- лардан коргонуу жана ири жаныбарларга анчылык кылуу учун адам уйуру деп аталган майда топторго биригип жашашкан. Ортоцку палеолит доорунда таш куралдары бир кыйла жак- шырган. Бул доорго таандык эстеликтер Ысык-Кел ереенундегу Тосор езенунун боюнан, Чуй ереенунун Георгиевка денсеесунен, Оштогу Сасык-Ункурден табылган. Алай тоо кыркасындагы Дан- гирек-Дере капчыгайынан эн байыркы таш талкалоочу жай табылган. Бул енерканада кара, боз, жашыл тустегу кат-кат кремний таштары табигый издери менен жарылып мурдагыдан миздуу, учтуу куралдар жасалган; Бул мезгилдер инстинкт боюнча болуп келген коомдук мамилелер ан-сезимдин негизинде жургузуле баштаган.'Кыргызстандын эн байыркытургундары питекантроп менен синантроп типтеринде болгон. Эволюциялык енугушу боюнча «акыл-эстуу адам» - угомо сапиенс» деп аталган. Алар негизинен анчылык менен кун керуп, ар уйурунде 25-50ден киши болгон. бзбекстандагы Тешик-Таш ункурунен табылган еспурум- дун сеегунен мындан 40 мин жыл мурда елгендерду жерге жашыруу жерелгесу пайда болгонун билебиз. Соцку палеолит доорунда, окумуштуулардын пикири боюнча, адамдар планетабыздын бардык климаттык алкактарында жайгашып, расалык топтор жана расалар калыптанган. Дал ушул доордо коомдук мамилелердин еркундешунун натыйжасын- да алгачкы адам уйурлеру эне тарабынан кандык байланышка негизделген уруулук коомдорго биригишкен. Адам тукумун улантуудагы жана коомдун уй чарбасындагы ээлеген орду учун байыркы адамдарда аял заты езгече аздектел- ген. Илимде бул коом эне бийлигинин коому - матриархат делип аталат. Бул урукка негизделген коом мурдагы адам уйуруне Караганда ^крторку баскычта турган. Бара-бара адамдын ан-сезими ескен. Жаныбарлардын сеектерунен, жыгачтан эмгек куралдарын, шибеге, ийне жасоону уйренушкен. Бул доорго таандык куралдар Ош аймагындагы Сел-Ункурден, Исфана ереенундегу Кожо-Гор булагынын жанынан табылган. Алгачкы коомдо искусствонун пайда болушу ошол кездеги адамдардын дуйнеге болгон кез карашын айгинелейт. Ысык- Кел аймагындагы бийик тоолуу Сары-Жаз ереенундегу Ак-Чункур УНкурунде 10 мин жыл мурдагы байыркы суретчунун жаныбарларды, адамдардын ан уулоо, бийлее учурун ункурдун бооруна чагылдырган эмгектери сакталып калган. Адамдардын таштан жасалган элестери да ушул мезгилде пайда болгон. Дал ушул жогорку палеолит доорунда азыркы кебете-кешпирдеги адамдар калыптанган. Алар ойлонууга, оюн айтып тушундурууге жарап калышкан. Бул учурда адамзат табигатты ездештурууде или жасаган. Дыйканчылык менен мал чарбачылык. макала сизге жактыбы? ой-пикир билдириңиз! Бул маалыматты бөлүшүңүз!
    5 комментариев
    13 классов
Увлечения

Публикации автора

В ОК обновились Увлечения! Смотрите публикации, задавайте вопросы, делитесь своими увлечениями в ОК